Түштүк Кореяда абитуриенттер сынак тапшырган күнү каттамдар токтотулду

Түштүк Кореяда ЖОЖго кирүү сынагы өткөн күнү учуулар токтотулуп, шаарлар тыгындардан тазаланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Улуттук Сунын сынагы өткөн күнү абитуриенттерге максималдуу тынч шарт түзүү үчүн бардык авиакаттамдар 35 мүнөткө токтотулду.

Каттамдарды жылдырып туруу чечими абдан тынч жана ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынган. Өкмөт ошондой эле шаарлардагы транспорттун көбөйүшүн азайтып, тыгындардын алдын алуу үчүн мамлекеттик кызматкерлерге ишке бир саат кеч барышы керектигин сунуштады. Быйыл Сунын сынагын өлкө боюнча 1 310 борбордо 554 174 адам тапшырды.

Сынак адатта түшкү тыныгуусуз 8-13 саатка созулат. Окуучулар мектеп программасынан 200дөй суроого жооп беришет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан