Фучик көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды (фото)

Бүгүн Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн ЧЧК көпүрөсүнө чейинки аралыгы оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Аталган тилкеде эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыланып, жол чийиндери жана жол белгилери орнотулду.

Узундугу 3,2 чакырым болгон жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Ал эми 14-15-16-ноябрь күндөрү Фучик көчөсүнүн Жибек жолу проспекти менен Профсоюз көчөсүнүн кесилишинин чыгыш тарабы оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.

"Урматтуу шаар тургундары, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан