Алай районундагы унаа жолду оңдоодо мыйзам бузуу иштери катталды

Алай районундагы унаа жолду оңдоодо мыйзам бузуулар катталды. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ош облусунун Алай райондук администрациясы 2011-жылы “Империя Груп” ААКсы менен Гүлчө, Мурдаш, Кызыл-Коргон жана Коңур-Дөбө жолдорун оңдоо үчүн 69 миллион сом бөлүп берүү тууралуу келишим түзгөн. Аталган аймактагы жолдор жергиликтүү райондук башкаруучулардын карамагында болгондуктан, КРнын “Унаа жолдору” мыйзамынын 32-беренесине ылайык, муниципалдык жолдорду жергиликтүү райондук башкаруучулар оңдоо иштерин жүргүзүп, алар жеке менчик ишканалар менен келишим түзүүгө укугу жок. ИИМдин текшерүүсүндө  Алай районунун администрациясы жолду оңдоодо 2011-жылдын сентябрь айы үчүн аткарылган ишинде бир участка үчүн эле 1 300 000 сомдон ашык акча каражатын короткону аныкталган. Учурда Алай райондук администрациясынын аталган ишке жооптуу адамдарга карата Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалын кыянаттык менен колдонуу), 305 (кызмат абалын жогорулатуу), 306 (мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген келишимдер менен макулдашуу) жана 166 (алдамчылык) беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан