Ош шаарында Абай Кунанбаев атындагы жаңы сквер курулуп жатат жана акындын эстелиги орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп, жакында скверди ачуу аракеттери көрүлүүдө.
"Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен калаадагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн көчөлөрдүн бирине Абай Кунанбаевдин ысымы ыйгарылууда. Ошондой эле көчөнүн башына чакан сквер уюштуруу менен бирге эстелиги да тургузулууда", - деп белгиленет маалыматта.