Бишкектеги 5-кичи районундагы суу түтүгүндөгү авария толук жоюлду

Кечээ, 14-ноябрда 5-кичи районундагы негизги суу түтүгүндө болгон авария толук оңдолуп, "Бишкексууканал" суу берүүнү этап-этабы менен калыбына келтире баштады. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

"Түтүктүн жарылышы 13-ноябрга караган түнү жеке компаниянын айынан келип чыгып, бир нече кичи райондордо жана медициналык мекемелерде суу убактылуу өчүрүлгөн. Айрым аймактарда суу басымы төмөндөдү. Түнү бою тынымсыз иштеген кызматкерлер бузулган жерди кыска убакытта оңдоп бүтүштү", - деп белгиленди маалыматта.

Мэрия күнөөлүү компания авариянын бардык чыгымдарын төлөп бере тургандыгын билдирип, материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлгөнү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан