2024-жылдын аягына карата дүйнөдө 123,2 миллион адам үйлөрүн таштап башка өлкөгө кетүүгө мажбур болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссардыгынын маалыматына таянып билдиришүүдө.
Маалым болгондой, анын себеби кагылышуулар, куугунтук, зомбулук жана адам укуктарынын бузулушу.
Акыркы он жылда бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге өстү. Качкындардын тең жарымы өз өлкөлөрүндөгү башка аймактарга кетсе, калганы коопсуздукту жакынкы мамлекеттерден издеп, көбүнчө кирешеси төмөн өлкөлөргө өтүшөт.
Негизги кризистик аймактар — Судан, Сирия, Ооганстан, Украина жана башка өлкөлөр.