Садыр Жапаровдун учагы Ташкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду

Бүгүн, 15-ноябрда президент Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча Өзбекстанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Ташкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Аэропортто Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилген.

Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы сапарынын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышат, ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан