Стамбулдун Бешикташ районунда метрополитен курулушу жүрүп жаткан жерде кырсык катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, урап калган топурактан улам беш адам жабыркады. Алардын үчөө кооптуу аймактан өз күчү менен чыгып кетсе, дагы экөөнү куткаруу кызматтары алып чыгышты.
Кырсыктын чоо-жайы такталып жатат. Кыйроо жер алдындагы станция платформаларынын биринде болгон.