Бүгүн, 16-ноябрда президент Садыр Жапаров Ташкент шаарындагы конгресс-холлдо Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун ишине катышууда. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын алдында мамлекет башчысын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана делегация башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү аяктагандан кийин алар жыйынга катышуу үчүн залга өтүштү.