17-18-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, төрага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат. Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.
Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.