АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк командасы Тынч океандын чыгыш бөлүгүндө бир кемени жок кылды. Соккудан үч адам каза болду. Америкалык чалгын кызматтын маалыматына ылайык, кеме мыйзамсыз баңгизаттарды сатууга аракет кылган.
"Коргоо министри Пит Хегсеттин көрсөтмөсү менен биргелешкен операциялык топ террористтик уюмга таандык кемеге кинетикалык сокку урду",- деп билдирди АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен командасы.
Reuters жазгандай, сентябрь айынан бери жалпы 21 кеме талкаланып, 80ден ашык адам каза болгон. 14-ноябрда Пентагондун башчысы Пит Хегсет Батыш жарым шарда баңгизат картелдерине каршы операция башталганын жарыялаган.
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүнөн кийин мамлекеттик катчы Марко Рубио мамлекеттик департамент "Картель де лос Солес" деп болжолдонгон баңгизат ташыган уюмду террористтик уюмдардын тизмесине кошо турганын айтты. Мындан ары АКШда аталган уюмга материалдык колдоо көрсөтүү кылмыш катары эсептелет.