Борбордук шайлоо комиссиясы 16-ноябрда №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карап, анын каттоосун жокко чыгарды.
БШКдан билдиргендей, шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Бообеков БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында кайрылган.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилген.