Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги маданият кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды (фото)

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Ош, Өзгөн, Жалал-Абад жана Баткенде 70ке жакын министрликтин сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Сыйлоо аземинде маданий мекемелерде, тагыраагы, китепкана, театр, музей, билим берүү уюмдарында, ошондой эле филармония жана маданият үйлөрүндө эмгектенип келген кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана маданий өнүгүүгө кошкон салымы белгиленди.
Союзбек Надырбеков маданият тармагын өнүктүрүүдө жер-жерлердеги кызматкерлердин эмгеги өзгөчө маанилүү экенин баса белгилеп, алардын чыгармачылык ишине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Маданият күнүнө карата Бишкек шаарында жана Чүй облусунда кызмат өтөгөн маданият кызматкерлерине 200гө жакын сыйлык тапшырылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан