Конгонун түштүк-чыгышындагы Луалаба провинциясында кобальт кениндеги көпүрө урап түштү. Бул тууралуу провинциянын ички иштер министри Рой Каумба Майонде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Times of India жазгандай, 32 адамдын сөөгү табылып, издөө иштери уланууда. Учурда окуя болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатканы айтылды.
Маалым болгондой, окуя болгон жерде күзөтчүлөр менен кенде иштегендердин ортосунда жаңжал чыккан. Күзөт кызматкерлери элди таркатуу үчүн курал колдонгон учурда өздөрү жасаган убактылуу көпүрөнү бузуп алышкан. Натыйжада көпүрө урап, жер көчкүнү пайда кылган.