UFC 322: Валентина Шевченко Вэйли Жангды жеңгени үчүн канча каражат алат?

Валентина Шевченко UFC уюмунда чемпиондук титулун тогузунчу жолу коргоду. Кечээ, 16-ноябрда АКШда кыргызстандык спортчу Кытайдан келген Вейли Жангга каршы мушташып, беш раунддун жыйынтыгында калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен жеңишке жетти.

Sporty Salaries порталы бул турнирдин катышуучуларынын болжолдуу төлөмдөрүн атады. Маалыматка ылайык, кыргызстандык спортчу 1 миллион 392 миң доллар алат. Анын Кытайдан келген атаандашына 832 миң доллар төлөнөт.

Эң көп акчаны жарым орто салмактагы дивизиондун жаңы чемпиону Ислам Махачев алат - 3 миллион 332 миң доллар. Бул дивизиондун мурдагы чемпиону Жек Маддалена 1 миллион 992 миң доллар алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан