Жол тейлɵɵ ишканалары тарабынан ɵлкɵ ичиндеги мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги автожолдордо эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жол чийиндерин чийүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Жогоруда айтылган жол белгилери “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устаканада даярдалып жатат.
Белгилей кетсек, жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 10 миң 50 даана жол белгиси даярдалды.