Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө курулуп жаткан гольф талаасынын бийиктен тартылган видеосу (видео) 

Ысык-Көлдө курулуп жаткан гольф талаасынын бийиктен тартылган видеосун блогер, видеограф Николай Гладков бөлүштү.

Маалыматка ылайык, Кош-Көл айылында Кыргызстандагы алгачкы гольф-клубдун курулушу жүрүп жатат. Аталган жай 104 гектар аянтты ээлеп, анын 70 гектары "линкс" стилиндеги 18 чуңкурчага арналган.

"Ысык-Көлдө гольф-клуб курулуп жатканын көпчүлүк биле бербесе керек. Бул саналуу гана адамдар үчүн эмес, бул жер бардык каалоочулар үчүн",- деп билдирүү калтырган Гладков.

Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров бул жер Борбордук Азиядагы эң чоң гольф талаасы боло турганын билдирген эле.

Ысык-Көлдө курулуп жаткан гольф талаасынын бийиктиктен тартылган видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан