Биз социалдык тармакта

Баткен менен Индиянын ортосунда 126 миллион сомдук долбоор ишке ашат

Бишкек шаарында "Баткен облусунун Лейлек районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун техникалык базасын түзүү жана инфраструктурасын жакшыртуу" долбоору боюнча үч тараптуу меморандумга кол коюу аземи өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав жана президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышкан.
Индия өлкөсү каржылаган, гранттык долбоордун суммасы 126 миллион сомду түзөт. Мындан сырткары, тараптар Баткен облусунун аймагында, дарылык каситке ээ болгон баалуу ферула өсүмдүгүн өстүрүү жана кайра иштетүү багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан