Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл: Алмалуу капчыгайындагы мыйзамсыз курулуш боюнча чара көрүлдү

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, текшерүү иштеринин алкагында Ак-Суу районунун Алмалуу капчыгайында жайгашкан эс алуу жайынын реестрге катталбагандыгы жана курулушка уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталган.
Натыйжада жеке ишкерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Министрлик юридикалык баа берүү үчүн текшерүүнүн материалдары Укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилерин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан