Биз социалдык тармакта

Кербен шаарында жаңы мектептин курулушу башталды

Аксы районунун борбору Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин наркы 188 миллион сомго бааланды.
Башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө салынып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. Мындан тышкары, лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети жана балдар, кыздар үчүн эмгек класстары каралат.
Учурда объекттин пайдубалын куюу иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан