Бүгүн, 17-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Орусиянын Москва шаарына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, Адылбек Касымалиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышат.