Мэр Бишкек биринчи жолу электр керектөөнүн суткалык лимитине чыкканын билдирди (видео)

Бишкек шаарында электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштеринен кийин калаа биринчи жолу белгиленген суткалык лимитке чыкты. Бул тууралуу 17-ноябрда мэр Айбек Жунушалиев акимдер жана тийиштүү жетекчилер менен болгон жыйында билдирди.

Мэр белгилегендей, 13-ноябрда укук коргоо органдары менен биргеликте рейд жүргүзүлүп, тынчтык режимин жана электрди үнөмдөө талаптарын түшүндүрүү максаты коюлган.

"Рейдге чейин шаар күнүнө саатына 11,13 миллионн киловатт керектеп, лимиттен ашып жаткан. Иш-чаралардан кийин керектөө 10,986 миллионго чейин төмөндөдү. Бул саатына 870 миң киловатт үнөмдөө дегенди билдирет. 17-ноябрда Бишкек биринчи жолу белгиленген лимитке жетип, керектөө саатына 9,735 миллион киловатт болду. Суткалык үнөм — 310 миңге жетти",- деди Жунушалиев.

Мэрдин айтымында, бизнес менен ишкерлерге үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, катаал чаралар колдонулбайт. Электр, суу жана башка кызматтар өчүрүлбөйт, бирок массалык иш-чаралар 22:00гө чейин аякташы керек.

Мисал катары, кечээ кичи аренада 7 миңден ашык адам катышкан концерт 19:00дө башталып, 22:00дө так токтотулганы айтылды. Андан кийин электр өчүрүлүп, тургундардын укугу сакталды.

Мэр Бишкек биринчи жолу электр керектөөнүн суткалык лимитине чыкканын билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан