Кыргызстан менен Индиянын ортосунда экономикалык багыттагы эки меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу кечээ, 17-ноябрда Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, меморандумдарга министр Бакыт Сыдыков, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав кол коюшту.
- Бишкек шаарында КЭУ үчүн IT Lab түзүү долбоору;
- Лейлек районунун жалпы дарыгердик практика борборунун техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу долбоору.
Аны алкагында Индия ар бир долбоорду ишке ашырууга 126,6 миллион сомдон грант бөлөт.