АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салманды Ак үйдө тосуп алууга даярданып жатып Сауд Арабиясына F-35 согуштук учактарын сатууга даяр экенин билдирди.
"Мен муну жасоону пландап жатам. Алар - сонун өнөктөштөр. Ирандын абалына көз чаптырыңыз, алардын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу үчүн биз эмне кылганыбызды караңыз. Ооба, муну жасайбыз деп айта алам. (Сауд Арабиясына) F-35терди сатабыз",- деди ал.
АКШ президенти буга чейин билдирүүлөрүндө Эр-Риядга F-35 учактарын сата аларын жана бул маселени карап жатканын билдирген. Америкалык маалымат каражаттарына чыккан кабарларда бул процесстин айрым кыйынчылыктары бар экени жана өзгөчө Израилдин мындай аракетке макул эместиги тууралуу айтылган.