Биз социалдык тармакта

Ош шаарында заманбап туннелдик унаа жуучу жай ишке берилди

Бүгүн, 18-ноябрда Ош шаарында жаңы туннелдик унаа жуучу жай ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ачылыш аземине шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, объектти курган ишкер жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жаңы унаа жуучу жай Испаниянын унаа жуучу жабдууларын чыгаруучу алдыңкы ISTOBAL S.A. компаниясынын акыркы технологиялары жана сапаттуу материалдары менен жабдылган. Кубаттуулугу саатына 80 унаага чейин жетет. Толугу менен автоматтык систем аркылуу иштейт жана чыгуу бөлүгүндө кагылышуудан коргоочу коопсуздук механизми орнотулган.
Мэр Жеңишбек Токторбаев өз сөзүндө шаардагы башка унаа жуучу жайлар да заманбап стандарттарга ылайыкташып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуусу зарылдыгын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан