Биз социалдык тармакта

22-23-ноябрда ыктыярдуу негизде республикалык тестирлөө өткөрүлөт

Өлкө аймагында 22-23-ноябрда 9-10 жана 11-класстын окуучулары үчүн ыктыярдуу негизде республикалык тестирлөө өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тестирлөөдө окуучуларга үч предметти тандоо мүмкүнчүлүгү берилет. Тест тапшыруу окуучунун окуу тилинде (кыргыз же орус тилдеринде) жүргүзүлүп, жалпы убакыт 3 саат 30 мүнөттү түзөт.

"Тестирлөөнүн негизги максаттары окуучулардын жетишкендиктерин көз карандысыз баалоо, аттестацияга жана экзамендерге даярдоо, мектептеги баалоо ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тесттик материалдар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу",- деп билдирди министрлик.

Тесттирлөө Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан