Аксы РИИБинин кызматкерлери тарабынан райондун аппарат жеткчиси жана РИИБинин жетекчисинин катышуусунда тийиштүү жайлар текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Анда саат 22:00дөн кийинки иш алып барып жаткан эл көп чогулган ресторандар, соода-сатык түйүндөрүнө 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамын жана электр энергиясын үнөмдөө жөнүндө өкмөттүн токтому тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Ошондой эле атайын майрам салтанаттарга арналган жарылуучу заттар боюнча да сатуучуларга эскертүүлөрдү беришти.