Бишкек шаарынын вице-мэри: "Кыргызстан Казакстандан газды 2 эсе аз алып жатат"
"Өзбекстан менен Казакстандан келген газ түтүктөрүндөгү көйгөйлөрдөн улам учурда Кыргызстан газды 2 эсе аз алып жатат". Мындай маалыматты бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри Мурат Исмаилов билдирди. "Газ көйгөйү боюнча сүйлөштүк, Энергетика жана өнөр жай министрлигине "газ боюнча казактар бизге жооп бербей жатат" деген сунуш киргиздик. Бүгүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Казакстанга барат болуш керек" деди вице-мэр. Белгилей кетсек, бүгүн, 17-декабрда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.