Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ар-намысына шек келтирген 2 жаран айыпка жыгылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эркеайым Сейтказиеванын (№25 шайлоо округу) жана Ырысбүбү Мөндүрбаеванын (№ 30 шайлоо округу) ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткан деген негизде 2 жаранга 12 миң 500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалымдалгандай, Сейтказиеванын ар-намысына шек келтирген видеоматериалдарды Instagram социалдык тармагынын колдонуучусу Таалай Ашканбаевге жана Мөндүрбаевага шек келтирген билдирүүлөрдү Facebook социалдык тармагына жарыялаган Мухара Сатыбалдиевага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 66-беренеси менен административдик айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан