CEOWORLD журналы дүйнөнүн бай шаарларынын рейтингин жарыялады.
Анда Япониянын борбору Токио 2,55 триллион доллар ИДПсы менен тизменин башына чыккан. Экинчи орунду 2,49 триллион доллар менен Нью-Йорк шаары ээлеген. Алдыңкы үчтүктү 1,62 триллион доллар менен Лос-Анжелес толуктаган.
Андан кийин Лондон (1,47 триллион доллар), Сеул (1,42 триллион доллар), Париж (1,39 триллион доллар), Чикаго (1,25 триллион доллар) жана Осака (1,19 триллион доллар) турат.