Оштун Кандава айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кандава айылында жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин наркы 186 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч блоктон турат. Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде жүргүзүлүп, мектепте негизги окуу класстардан тышкары китепкана, лаборатория, балдар, кыздар үчүн эмгек бөлмюөсү, жыйын жана спорт залдары каралган.
Курулуш иштери “Снайпер” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Учурда объекттин пайдубалы куюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан