"Asman Airlines" авиакомпаниясы Бишкектен Караколго жумасына төрт жолу каттайт. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Каттамдар дүйшөмбү, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Билеттерди asmanairlines тиркемесинен жана компаниянын веб-сайтынан сатып алууга болот.
Эске салсак, буга чейин Бишкектен Караколго жумасына эки жолу, жума жана жекшемби күндөрү каттам аткарылып жаткан.