Ош шаарындагы Навои көчөсүнүн Алымбек датка көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары басылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык, жол 5 тилкеге ылайыкташтырылууда.
Алдыда жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар жана ирригациялык лотоктор да орнотулат.