Орусиянын Калининград шаарында 28 жаштагы эркек 36 жаштагы сүйлөшкөн кызынын колун сындырып койду. Бул тууралуу Орусиянын аймактык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Аялдын айтымында, чыр-чатак учурунда жигити кыздын телефонун "блокировкадан" чыгаруу үчүн манжа изи менен ачууга аракет кылган. Кыз буга каршы болгондо, эркек манжасын сындырып салган. Медициналык кароо сыныкты тастыктаган.
Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 112-беренеси - "Орточо дене жаракатын атайылап келтирүү" боюнча кылмыш иши козголду.
Эркек аймактан чыкпоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме менен бошотулган. Ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.