Түштүк Кореяда эң популярдуу "BTS" жана "BlackPink" топторунан кийинки эле катарда турган "Twice" тобу "Ak Orgo City" командасынын "Дык-Кын-Дыш" ырына бийлеп, трендди аткарышты. Бул тууралуу видеону өздөрү социалдык тармактагы баракчасында бөлүшүштү.
Видео бир сутка ичинде 7 миллион көрүү топтоп, 500 миңге жакын жактыруу алды. Комментарийлерде "Кыргыз-корей бир тууган", "сиздерди Кыргызстандан күтөбүз", "биздин кыздар", "Twice - тренддердин легендасы", "шок кыласыңар го курбулар" деген сыяктуу тамаша аралаш пикирлер жазылууда.
Эске салсак, буга чейин актёр Самат Эркинбеков Instagram баракчасында "Дык-Кын-Дыш" ыры дүйнөлүк трендге айланганын жазган.