Айдоочулардын эсине! Айып пулду өз убагында төлөгөндөр 70 пайыз арзандатуу алышат 

Жол эрежелерин бузганы үчүн айып пулдары бар жарандар карызды өз убагында төлөшсө, 70 пайыз арзандатуу алышат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айып пул салынган күндөн тартып бир айдын ичинде төлөгөн айдоочуларга 70 пайыздык арзандатуу каралган. Башкы башкармалык бул мүмкүнчүлүктү колдонуу айдоочулар үчүн каражатты үнөмдөөгө көмөк болорун белгилейт.
Ошондой эле жол эрежелерин так сактап, мыйзам бузбоого чакырат.
"Айдоочулар өздөрүнүн айып пулдарын "Төлөм" мобилдик тиркемеси аркылуу да текшерип, онлайн түрдө төлөй алышат. Эгерде унаанын же жарандын атына катталган төлөнбөгөн айып пулдардын суммасы 3 миң сомдон ашкан учурда, унаа айып короо жайына токтотулат",- деп билдирди башкармалык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан