Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 0-25-чакырымдар аралыгында жол иштери соңуна чыгып калды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Реконструкциянын алкагында жол төрт тилкелүү болуп кеңейип, анын жалпы туурасы 17,6 метрди түздү.
Коопсуздукту жогорулатуу максатында жолдун ортосуна атайын тосмолор орнотулуп, жол сызыктары чийилди. Мындан тышкары, 36 суу өткөрүүчү түтүктөр курулуп, 3 ири көпүрө жаңыланды.