Милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон жаранды ооруканага жеткиришти (видео)

Бишкектин кайгуул милициясынын кызматкерлери эс-учун жоготкон жаранды ооруканага жеткиришти. Бул тууралуу ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 18-ноябрда саат 21:30 чамасында Ахунбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз жарандар милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Алардын айтымында, жакын жерде эркек киши белгисиз жагдайда эс-учун жоготуп кулап түшкөн.

"Алар аталган жаранды эң жакынкы медициналык мекемеге ыкчам жеткиришип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүшүнө шарт түзүштү",- деп билдирди башкармалык.

Кайгуул милициясы мындай өзгөчө кырдаалдарда кайдыгер болбой, укук коргоо органдарына же куткаруу кызматтарына өз убагында кайрылуу маанилүү экенин белгиледи.

Милиция кызматкерлери эс-учун жоготкон жаранды ооруканга жеткиришти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан