Эртең, 20-ноябрда Беловодский жана Шопоков станцияларынын ортосундагы темир жол өтмөгү убактылуу жабылат. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган күнү саат 08:00дөн 17:00гө чейин темир жолдогу эскилиги жеткен рельстерди алмаштыруу иштери жүрөт.
"Беловодский айылындагы Проездная көчөсү аркылуу (3740-чакырым) жана Крупская көчөсү аркылуу (3748-чакырым) айланып өтүүнү сунуштайбыз",- деп билдирди ишкана.