Кытайдын тышкы иштер министри, КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Буга чейин кабарлангандай, сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр жана учурдагы кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн Стратегиялык диалогдун биринчи жыйыны өтөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.