Баткенде чакан ГЭС пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы “Базарбай ата” чакан ГЭСинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
ГЭСтин ачылыш аземине облус башчысы Айбек Шаменов, район акими Болоткан Баяке уулу баш болгон жетекчилер, жергиликтүү жашоочулар катышты. ГЭСтин 1-агрегаты толук кандуу ишке кирди. Анын кубаттуулугу саатына 200 киловатт-саат. ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 600 киловатт-саат.
Жеке ишкер ГЭСтин курулушуна 8 миллион сом инвестиция салган. Мындан сырткары, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан 8 миллион сом насыя берилген. ГЭСтин ишке кириши менен аймактагы электр энергиясына болгон муктаждык жеңилдейт. 10 адам жумуш менен камсыз болууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан