Экономика министрлигинде тигүү жана текстиль тармагына кеңеш берүү штабы иштей баштады

Экономика министрлигинде тигүү жана текстиль тармагынына комплекстүү консультациялык колдоо көрсөтүү үчүн “Кыргыз Экспорт” борборунун ыкчам штабы иштей баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, штаб министрликтин имаратынын биринчи кабатында жайгашкан жана күн сайын, дем алышсыз саат 9:00дөн 19:00гө чейин иштейт.
"Тармактык өкүлдөр кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча кесиптик жардамга кайрыла алышат: ишканалардын учурдагы ишмердүүлүгү, экспорттук жол-жоболор, продукцияны сертификациялоо жана маркалоо, жаңы рынокторго жетүү, ошондой эле тигүү ишканаларынын экспорттук потенциалын жогорулатуу",- деп белгиленди маалыматта.
Дареги: Абдымомунов көчөсү, 207 (Орозбеков көчөсүнөн кире бериш). Байланыш телефону: 0550 305 305
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан