Нарын шаарына Кара-Кече жана Турук көмүр кендеринен көмүр тартып келүү уланууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.
Учурда шаардын, шаар аймагындагы эт комбинатынын короосунда жана РТС аймагындагы "Айылтехсервистин" короосуна уюштурулган муниципалдык базаларда жана жеке ишкерлер тарабынан, жалпысынан шаардын 6 аймагында сатылып жатат.
Көмүрдүн тоннасын жеринде 5500 сомдон сатуу белгиленип, баасына көзөмөл жүрүүдө.