Ырчы Омар 37 жашка толду

Бүгүн, 19-ноябрь сахнага Омар деген ысым менен таанылган ырчы Өмүрбек Жанышовдун туулган күнү. Ал бүгүн 37 жашка толду. Ырчы мырзанын өздүк майрамы менен куттуктагандардын катарын SUPER.KG порталы да толуктады.

Өмүрбек мырза менен байланышканыбызда ал акыркы жолу туулган күнүн 30 жашында белгилегенин айтты. Бүгүн сизди эң биринчилерден болуп ким куттуктады деген сурообузга "биринчилерден болуп мен апамды куттукдадым" деп жооп берди. Ошондой эле ал учурда туулган күнгө жаш кездегидей маани бербегенин кошумчалады.

Эске салсак, ырчы 1988-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2008-жылы Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси аталган.

Омар 1995-жылы мектепке барып, ал эми 2007-жылы Бишкектеги Финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүтүргөн.

Техникумда маданий иш-чараларга катышып жүрүп, “2006-жылдын алтын үнү” грамотасы менен сыйланган. Ырчы мырза алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдеринде ырлары бар.
19-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан