Ош шаарынын Байтемиров көчөсүн Амир-Тимур көчөсүнөн Урицкий көчөсүнө чейинки аралыгын асфальттоо иштери жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Толук кандуу оңдоп-түзөөдөн өткөн көчө бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаевдин, төрага Болот Баетовдун жана жашоочулардын катышуусунда ачылды.
Унаа жолунан тышкары тротуар жасалып, ирригациялык лотоктор орнотулду. Жол оңдоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.