Бишкекте өзүнө бейтааныш кызга кол салган жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга В.А. аттуу жаран арыз менен кайрылды. Анда Куттубаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адам катуу нерсе менен анын баш тарабына сокку жасап, денесине залал келтиргендиги белгиленди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголуп, жабырланычууга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Натыйжада 1998-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындан тышкары, ал мас абалында экени аныкталды.
Тергөө уланууда.