БШК парламенттик шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Борбордук шайлоо комиссиясы 19-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 81 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.
БШКнын токтому менен эл аралык байкоочулар катары төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү аккредитацияланды:
Монголиянын Башкы шайлоо комиссиясынын;
Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын;
Венесуэла Боливариандык республикасынын Улуттук шайлоо органынын;
Индонезиянын Шайлоо комиссиясынын;
Орусиянын Коомдук палатасынын;
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Байкоочулар миссиясынын;
Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун;
Шанхай Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү.
Бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 378 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан