Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө болду

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болжол менен күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Институттун маалыматы боюнча, жер титирөө 19-ноябрда, саат 23:55те катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Коммуна айылынан батышка карай 7 чакырым, Ак-Суу айылынан түштүк-батышка карай 10 чакырым жана Разаков шаарынан түштүк-батышка карай 16 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Ак-Суу жана Коммуна айылдарында 2 баллды түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан