
Өлкө аймагында акыркы суткада - 19-ноябрда 24 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин билдирүүсүндө айтылды.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош облусунда 5, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 3 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргызстандыктарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.