Эртең, 21-ноябрда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында жаан-чачын болушу мүмкүн. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14 ... +19, Талас жергесинде +13... +18, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +15... +20, Ысык-Көлдө +4 ... +9, Нарында +4... +9 градус болот. Бишкек шаарында күндүн табы +15... +17 градуска жетет.